Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Адамдар бири бирин сүйүп калышы үчүн канча жолу жолугушуу керек?

Коом
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
599
Сүйүү 4 жолу жолугушуудан кийин пайда болорун америкалык психологдор айтып чыгышты.
Алар, биринчи эле көрүшүүдө сүйүү пайда болушу мүмкүнбү текшерүү үчүн иликтөө жүргүзүшүп, мындай болушу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишти.
Бирок жылуу сезимдер 4 жолугушуудан кийин пайда болушу мүмкүн. Ал эми адам чындап сүйүп калышы үчүн дагы убакыт өтүшү керек.
Биринчи жолугушууда түгөйлөр бири бири жөнүндө маалыматтарды алышат, андан кийин алынган маалыматтарды ойлонуп, түшүнөт. Анан гана 4-жолугушууда тартылуу пайда болушу мүмкүн. Көп убакыт же көптөн бери никеде турган 200 аялга сурамжылоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында, эң бактылуу мезгили баш кошкондон кийинки алгачкы 5 жылы экени белгилүү болгон.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.