Курс НБ на 18.09.2019 $69,7942 €76,9027

50 троллейбус сатылып алынат

Коом
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
362
Бишкек шаарына кошумча 50 троллейбус сатылып алынат. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы  насыялык макулдашуусун жактырды. Мындай маалыматты  ЖКнын  басма сөз кызматы билдирет. Келишимге караганда, азыркы учурда мөөнөтү аяктап жаткан долбоор боюнча насыялык каражаттар 10,1 млн еврону, гранттык каражаттар 5,5 еврону түзөт. Долбоор 2012-жылы ишке ашырыла баштаган. Жаңы макулдашууга ылайык  Бишкектин коомдук транспортун өнүктүрүү үчүн  долбоордун мөөнөтү узартылат. Долбоорду улантууга  кошумча 8,424 млн евро көлөмүндө каржылоо макулдашылды. Анын ичинде 1,2 млн евро акчага дагы 50 троллейбус сатылып алынат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.