Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

25-май: Коронавирус жуккан 30 адам жаңы катталды

Коом
25 - Май 2020
Эркин Тоо
69

Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын тогузу Бишкек шаарында, бешөө Нарын облусунда, үчөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда. Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам. Мындан тышкары, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кайтып келгендер арасынан коронавирус сегиз адамдан табылды. Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бири Бишкектеги Инфекциялык ооруканада - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев (70 жашта). Экинчиси - Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында 67 жаштагы эркек бейтап. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу