Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

25 жаштан 40 жашка чейинки эркектер аскердик кызмат өтөшөт

Коом
06 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
513
Жалал-Абад шаарында 2-февралда өз учурунда аскердик милдетин аткара албай калган 25 жаштан 40 жашка чейинки эркектер бир айлык мөөнөттө аскердик милдетин өтөөгө жөнөп кетишти.  Маалым болгондой, мындай бир айлык мөөнөттө аскердик милдет өтөөгө барчулар 5 этап менен жөнөтүлөт. Бүгүн быйылкы жылдын алгачкы этабы жиберилүүдө.
Милдетин өтөөгө бара жаткан атуулдарды жөнөтүү салтанатына район-шаарлардагы аскердик комиссариаттын өкүлдөрү жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктүн тийиштүү өкүлдөрү катышып, аларга ийгиликтерди каалашты.  Маалым болгондой, «КРнын жарандарынын жалпыга бирдей милдеттери аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, бир айлык мобилизациялык резервдик жыйын ачылган. Бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде өз ыктыяры менен кызмат өтөөнү каалагандар арбыган. Эске салсак, бир айлык мөөнөт өтөгөндөр 1-даражадагы аскердик билет ала алышат.


Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.