Курс НБ на 29.05.2020 $73,7678 €82,0114

21-майдан тарта соода тармагы жанданып, соода борборлору иштей баштайт

Коом
19 - Май 2020
Эркин Тоо
33

Республикалык штабдын планы боюнча, 21-майдан тарта соода тармагы жанданып, соода борборлору иштей баштайт турганын  мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө эпидемиялык абал турукташып калганда, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору, мончо, СПА-салон, репетитор жана тиричилик кызматын көрсөткөндөрдүн иши жанданат.

"Соода борборлору жумушту баштоого даярдык көрүп жатышат. Айрымдары коронавирустан коргонууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кызматкерлери жана коноктор үчүн атайын эрежелерди иштеп чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу