Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

​20-24-ноябрь аралыгында аба ырайы кескин сууктайт

Коом
19 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
27
Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
21-27-ноябрь аралыгында аба ырайынын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй менен Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7 градуска чейин суук болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус суук болушу күтүлөт. Тоо этектеринде түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...-9 градус болушу ыктымал.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5, Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус суук болот.
Бийик тоолуу аймактарда абанын температурасы түнкүсүн -25, күндүз -15 градуска чейин төмөндөйт,-делет маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу