Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

2021-жылы чет өлкөлүк паспорт да чип менен чыгаралат

Коом
13 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
110
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди. «2021-жылы чет өлкөлүк паспортту да чип менен чыгаралы деген пландар бар. Кадимки эле китепче түрүндө болот дагы ага чип коюлат. Документ 32 же 54 барактан турат. Көп барактуусу чет мамлекетке тез-тез чыгып турган адамдарга абдан ыңгайлуу болот. Кибер коопсуздук боюнча да иш алып барып жатабыз. Себеби башка мамлекеттерде миллиондогон адамдардын жеке маалыматы тарап кеткен учурлар болгон", — деген Мамбетов мек учурунда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.