Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

1-июнь: Коронавирус жуккан 69 адам жаңы катталды

Коом
01 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
69
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 21 адам. Орусиянын аскердик окуу жайында окуган курсанттардын арасынан коронавирус бир суткада 18инен табылды. Мындан тышкары, Нарын облусунда 14, Ош шаарында тогуз, Чүй облусунда алты, Ош облусунда бир адам жаңы катталды. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 11 бейтап айыгып чыкты. Жаңы учурдун 12си медициналык кызматкерлер. 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу