Курс НБ на 29.05.2020 $73,7136 €81,0776

13-январь күнүн алгачкы троллейбустук каттам иштей баштаган

Коом
13 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
115
1951-жылы – 69 жыл мурда 13-январь күнү Бишкекте алгачкы троллейбустук каттам иштеп баштаган. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, биринчи каттамга чыккан троллейбусту Николай Тагильцев аттуу айдоочу айдап, ал "Фрунзе атындагы темир жол бекети – Свердлов көчөсү" (учурда Илимдер академиясы жактагы айлампа) боюнча жүргөн. Учурда Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар, алар 11 каттам боюнча каттап, ишканада  713 адам иштейт. Алардын 100дөн ашыгы 25 жылдан ашык эмгектенип, "Эмгек ардагери" наамын алышкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.