Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Жыл соңунда электрондук паспорт берүү башталат

Экономика
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1274
Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Тайырбек Сарпашевдин бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргенине караганда, жыл этегинде өлкөбүздө электрондук паспортторду берүү башталат.
 Айтымында, бул максатты ишке ашырууга Түштүк Кореянын Өкмөтү гранттык негизде 7,5 млн доллар бөлдү. “Комско” деп аталган корейлик компания бул каражатка электрондук паспорт даярдоочу жабдууларды берет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.