Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

“Жерүй” ажатка жарап жатат

Экономика
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
477
“Жерүй” алтын кенинин лицензиясы үчүн төлөнгөн каражаттын эсебинен быйыл республикабызда 13 объектинин курулушу бүткөрүлдү.
Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, 10 мектеп жана спортзалдар, 2 маданий объект, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси курулган. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында ат майдандын курулушу аяктаган. Быйыл жалпысынан алганда республикалык бюджеттин эсебинен 27 объект бүткөрүлөт.
Ал эми “Жерүйдүн” акчасына үстүбүздөгү жылы Баткен облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 5 жана Ош облусунда – 28, бардыгы болуп 64 объектини ишке берүү каралган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.