Курс НБ на 06.12.2019 $69,8490 €77,5883

Жаш жеке ишкерлерди колдоо программасы

Экономика
11 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
165
Жаш ишкерлерди колдоо максатында уюштурулган программанын 30 бүтүрүүчүсү 28-мартта ишкердик программаларын   “Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында тартуулашты. Долбоор  АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги  тарабынан каржыланган. Алардын ичинен сегизи өздөрүнүн идеяларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  Программага жалпы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 100 жаш жеке ишкер катышты. Алар алгач  бизнести башкаруу жана өнүктүрүү боюнча билим алышкан.  Грантты сегиз жеке ишкер: спорттук кийим жана төшөктөрдүн брендин чыгаруу, кондитер азыктарын даярдоо, сувенир жана эмерек жасоо, тигүүчүлүк, наабайкана жана чакан тигүү ишканасын  ачуу боюнча жазылган долбоорлор  утуп алды. Кондитердик азыктарды жасоо боюнча долбоорду  жеңип алган Шабданбек кызы Гүлзина бир жыл мурун жумушушсуздуктун айынан кыйын абалда болгонун билдирди. “Пайда алып келе турган бир ишти баштарымды ойлоно да алган эмесмин. Бир канча тренингдер, багыт берүү жана ар дайым колдоонун негизинде бардыгыбыз долбоорду  жүзөгө ашыруу алдында турабыз,” - деп билдирди Шабданбек кызы Гүлзина. Жалпысынан 400 жаш жеке ишкерди окутуу пландалган.  “Демилгелүү жаштар” долбоордун максаты экономикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу. Долбоорго  финансылык жактан ЮСАИД,  ал эми аны ишке ашуусун  MSDSP KG (Программа поддержки развития горных сообществ Кыргызстана), Борбодук Азиядагы Америка университети,  жана башкалар көзөмөлдөөдө.
Назгүл Өмүржанова, Эркин Тоонун практиканты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.