Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Улуттук банк коронавирустан улам банктарга 1 млрд. сом насыя берет

Экономика
19 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
111
Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктарга кредиттик ресурстарды сунуштоо менен аукцион өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматта COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикага кедергисин тийгизген жагдайларды жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында насыя берилип жатканы айтылат.

Мындан улам Улуттук банк 25-июнда өкмөттүн "Ишкердик субъектилерди каржылоо" программасы боюнча коммерциялык банктар үчүн бир миллиард сомдук аукцион өткөрөт. Аукционду өткөрүү параметрлери жана шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 22-июнундагы отурумунда аныкталмакчы.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.