Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө профицит менен аткарылган

Экономика
26 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
49

Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом көлөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 млрд 902 млн 495 миӊ сом көп жыйналган. «Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», - деди ал.

Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

- Пенсиондук фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;

- Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы - 288 млн 839 миӊ сом;

- Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом.

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду.

Депутат Мирлан Бакиров өткөн 8 айдын жыйынтыгында 2019-жылдын бюджетинен 1 млрд сом өлчөмүндөгү каражат чогултулбай калышы мүмкүн деген маалымат бар эеннин билдирип, анын канчалык чындыгы бар экенине кызыкты.

Соцфонддун төрагасы 2019-жылдын бекитилген бюджетине 33 млрд сом чогулушу керектигин эске салып, азыркы учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууда 1 млрд сом артта калуу бар экенин моюнга алды. «Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жылдан-жылга кыйындап барат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу милдети Салык кызматына жүктөлгөн», - деди Медер Ирсалиев.

Ал эми Салык кызматынын өкүлү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча артта калуулардын себептерин кылдат талдоо менен, аны жыл аягына чейин жоюу багытында чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. «Камсыздандыруу төгүмдөрүн административдик башкаруу чаралары күчөтүлгөндөн тартып акыркы 2-3 айдын планы толугу менен чогултулду», - деп кошумчалады ал.

Депутат Зиядин Жамалдинов камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды чогултууга өзгөчө көӊүл буруу керектигин белгиледи. «Карыздар 3 млрд сомго чейин чыгып кетти. Алар толук чогултулса, пенсия өлчөмү дагы көбөймөк. Андан башка дагы кошумча каржы булактарын караштырыш керек», - деди ал.

Соцфонддун төрагасы Салык кызматы менен биргелешкен аракеттин найтыжасында өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар 2 млрд 11 млн сомго чейин кыскартылганын билдирди. «Биз буга чейин айрым ишкердик субъектилеринин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын туумдарынан кечүү сунушун бергенбиз, бирок ал колдоо тапкан жок», - деди ал.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө пенсионерлердин саны жылдан-жылга көбөйүп баратканы белгилүү болду. Мисалы, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туруктуу болушу үчүн 1 пенсионерге 3 иштеген адам туура келиши керек болсо, учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам туура келүүдө. Мындай абал жакынкы жылдары каржы тартыштыгына алып келиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, ушу тапта 651 миӊ пенсионер бар. Пенсионерлердин орточо пенсия өлчөмү 5604 миӊ сомду түзөт. Ал эми таптакыр эмгек стажысы жок жарандар 400 сом менен пенсияга чыгат. Быйыл пенсияны орто эсеп менен 10 пайызга көтөрүү чарасы караштырылууда.

Талкуу жыйынтыгында Соцфонддун 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет канааттандырарлык деп табылды.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу