Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Самсунг деле сапаттан аксайт

Экономика
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
522
Samsung Electronics компаниясы өзү чыгарган автоматтык айрым кир жуугуч машиналардын коопсуздук системасында проблемалар бар экендигин ачыкка чыгарды. Учурда компания бул тиричилик буюмун колдонуудагы тобокелдиктерди жок кылуунун жолдорун изилдеп жатат.
 Түзүлгөн атайын комиссиянын билдирүүсүнө караганда, 2011-2016-жылдарда чыгарылган бир нече автомат машиналар иштетүү учурунда жарылып кеткен.
Буга чейин Samsung Electronics смартфондордо да проблема бар экендигин моюндап, АКШда сатыкка чыгарылган 1 миллион даанага жакын Samsung Galaxy Note 7 смартфондорунда батарейкалардын жарылып кетүү коркунучу бар экендигинен улам артка кайтарып алган.
Блумберг агенттиги Galaxy Note 7ге байланышкан жагдай компанияны 22 млрд доллардан ашык кирешеден куру жалак калтырды деп эсептейт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.