Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

​Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү

Экономика
08 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
77
Өлкөбүздө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 17%га өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.                  Жыргалбек Сагынбаевдин маалыматына караганда өсүш Кумтөр кениндеги өндүрүштүн 1,6 эсе, металл кендерин казып алуу 38,2%, көмүр 19,8%, чийки нефть менен жаратылыш газы 15,5%, текстиль өндүрүшү 8,3%, курулуш материалдарынын көлөмүнүн өсүшү 3,5%, ошондой эле цемент өндүрүшү 9,9%га өскөнү менен байланыштуу болгон. Адистер ушул тапта бардык тарамакта өсүш байкалаганын белгилешет. Ушул жылдын  январь-май айында өнөр жай субъекттери 104 млрд. 29,1 млн. сомго продукция өндүргөнү буга далил.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу