Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Мунай менен газдын да доору бүтөт

Экономика
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
488
2017-жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү Орусияда суткасына 11,015 миллион баррелге жетсе, 2018-жылы 11,07 миллион баррелдин деңгээлинде болот. Мына ушундай жагымдуу божомолдорго карабастан, Сбербанктын төрагасы Герман Греф өлкө үчүн монопродуктуга айланган мунай менен газдын 10-15 жылдан кийин түгөнөөрүнө даярдануу зарыл деп айтты.
 Анын пикиринде, 2028 - 2032-жылдарга карата мунай менен газдын азыркыдай күргүштөгөн агымы азаят. Экономика бир топ кыйналат, ошондуктан азыртадан даярдана берүү зарыл. Ал эми Американын Аляскасында мунайдын ири кени табылды. Буга чейин анчалык белгилүү болбогон Caelus Energy компаниясы Түндүк уюлдан бери карай 480 чакырым аралыктагы шельфте жеке менчик Apollo Global Management LLC жеке менчик фондунун каржылык колдоосуна таянып жүргүзгөн чалгындоолордун натыйжасында мунайдын ири кенин тапты. Компания бул кенден 1,8-2,4 млрд баррелге чейин мунай өндүрүүнү кыялданууда. Компания жетекчилиги мунайды экспорттоо үчүн 200 чакырымдык мунай куурун курууну болжоп жатат. Ага 800 млн доллар талап кылынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.