Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Мүлк салыгын төлөбөгөндөр айып пул төлөшөт

Экономика
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
641
4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча мурдагы жылдардын практикасы нөлдүк натыйжа көрсөттү,- дейт  Мамлекеттик салык кызматы. Бул тууралуу 4-топтогу мүлк салыгын төлөө боюнча жарандардын кайрылууларынын жообуна айтылды.
Маалым болгондой  КР Салык кодексинин 10-беренесинин пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасында салык салуу жалпыга бирдей. Башкача айтканда Салык кодексинин 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жеке жак 1-апрелге чейин 4-топтогу мүлк объекттери боюнча үстүбүздөгү жылга маалыматтык эсептөөлөрдү берүүгө тийиш, ал эми салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрь боюнча белгиленген.  Демек, жарандарга жыл башынан баштап сентябрь айына чейин, башкача айтканда, 8 айдын аралыгында унаа салыгын төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет, бул салыкты төлөө үчүн бир далай убакыт болуп эсептелет. Ошондуктан, белгиленген мөөнөткө чейин унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган жана мөөнөт өткөндөн кийин төлөгөн жарандар мыйзамга ылайык айып төлөөгө тийиш, - делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.