Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Микрокредитерди берүү рекорддук чекке жетти

Экономика
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
407
Кыргызстанда 2016-жылдын биринчи жарымында микрокредиттик уюмдар 111,6 миң адамга 6 млрд сомдук кредиттерди берүүгө жетишти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, кредиттердин 49,1%ы 1 жылдан 3 жылдык мөөнөткө чейин, 43,6%ы 6айдан 12 айга чейин берилген.
Кредиттердин эң көбүн 50 миң сомдон жогорку суммадагы кредиттер түзөт. Мындай кредиттер 29,9 миң адамга берилген. 25 миң сомго чейинки кредиттерди 32,8 миң адам алган. Кредит алгандардын 55,9%ы аялдар.
Ал эми кредиттерди кайтаруу боюнча топтолгон карыздардын суммасы 2016-жылдын 1-июлуна карата 14 млрд 166,4 млн сомго жеткен.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.