Курс НБ на 22.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Кытайга жүн экспорттолот

Экономика
04 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
87
Ош облусунун Кара-Суу районунан Иранга кой эти, ал эми Кытайга жүн экспорттоло турган болууда.  Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин Кара-Суу районунда болгон учурда айтылды. "Катта-Талдык" кой чарба мамлекеттик фермасында 4 миң баш кой бар. 2018-жылы алар Ирандын кой этине болгон суроо-талабын толук кандуу камсыздап бере албагандыктан, бул жылы алар экспортту арттырууну пландап жатышат. Андан тышкары, жаңы кыргыз тукумундагы меринос койлорунун жүнү да чоң суроо-талапка ээ. Өткөн жылы ал койдун жүнүнүн 1 килограммы 280 сомдон Кытайга сатылган. Ошондой эле жүндү Ноокаттагы жүндү кайра иштетүүчү жергиликтүү завод да сатып алат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу