Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Кышкы туризмди өнүктүрүү керек

Экономика
29 - Май 2019
www.erkintoo.kg
75
Парламентте Ысык-Көлдө кышкы туризмди өнүктүрүү жаатында атайын чараларды көрүү маселелери көтөрүлдү. Депутаттар тобу демилгечилердин айтымында, туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат дешет. Мындан улам, акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалууда.  Статистикалык маалыматка таянсак, кышкы туристтик мезгилдин убагында, ички жана тышкы туристтерди кошкондо, Каракол шаарына 2017-жылы 24300 адам келсе, 2018-жылы алардын саны 20058 адамды түздү. Ал эми ушул эле жылдары кышкы туризмден түшкөн салыктардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу