Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Кыргызстанга Интернет мурдагы баада бериле баштайт

Экономика
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
480

Казакстан Кыргызстанга карата интернет тарифин өзгөртпөй турган болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында билдирди.

Маалыматта, атайын түзүлгөн жумушчу топ Алматы шаарында жолугушууларды өткөргөндөн кийин ушундай чечимге жетишилгенин кошумчалады.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз өз ара түшүнүшүүгө келдик. Ошондуктан, баалар туруктуу бойдон каларына кепилдик бар», - деди ал.

Казаков казак провайдерлеринин Кыргызстан үчүн бир мегабиттин келишимдик баасы 10 доллардан 15 долларга чейин экенин, бирок алар интернетти орусиялык компаниялардан 2 доллардан сатып алышарын кошумчалады. Анын айтымында, бул тармак көзөмөлдөнбөйт жана базар баасы суроо-талап менен сунуштарга жараша аныкталат. Тажикстанда бир мегабит Интернет 65 доллар турат.

Август айынын аягында Казакстандын байланыш операторлор биримдиги Кыргызстанда интернет баасы 1,5-3 эсе жогорулай турганын билдирип чыгышкан. Алар муну Орусия тараптан Казакстанга интернет кымбат келип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок орус тарап эч кандай бааны кымбаттатпаганын расмий билдиришкен.

Мындан улам Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылып, Казакстан тараптан Кыргызстанга интернет баасын жогорулатууга жол бербөөнү өтүнгөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.