Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

​Кыргызстанда электр энергиясы менен жүргөн автобус чыгарат

Экономика
08 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
368
Бул тууралуу инженер Бакыт Курманкожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, алгачкы автобус ушул жылдын жай айларында даяр болот."Биздин автобустардын 90 пайызын өзүбүз жасайбыз. Электр энергиясы менен жүргөндүктөн батарейкаларын гана сатып алабыз. Ал эми сырткы конструкциясынан тартып кыймылдаткычына чейин Кыргызстанда жасалат. Биздин фирма алгач Кара-Балта шаарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, түрдүү станокторду жасап келчү. Атамекендик унаа чыгаруу -негизги кыялдарыбыздын бири эле. Аны ишке ашыруу үчүн тетик көп кетпегендиктен алгач автобус жасап көрүүнү чечтик. Ушул жылдын жай айларында алгачкы автобусту жасап, элге көрсөтөлү деп турабыз. Мындай автобустарды шаар ичинде эл ташуу каттамдарына койсо болот. Эмгегибизди өкмөткө сунуштап көрөбүз", — деген Курманкожоев.(ЖК)


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.