Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​Кыргызстанда 563,6 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Экономика
29 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
142
Өлкөбүздүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ар ай сайын муктаждарга берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 16 жашка чейинки балдары бар 308 миң 700 адам алат. Өткөн жылы аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2 сомду түздү. Ал эми пенсиялык камсыздоого укугу жок 93 миң 100 адамга ай сайын орточо 3 миң 29,9 сомдон социалдык жөлөкпул төлөнөт. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө өткөн жылы 7 млрд 530,5 миң сом коротулду деп айтылат маалыматта.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.