Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

Кыргызстанда 3 жылда 220 мектеп, 16 бала бакча курулган

Экономика
05 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
2016-жылдан 2019-жылга чейин өлкө аймагында 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүн  Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Тактап айтсак  2016-жылы 68 мектеп, 2017-жылы 46мектеп, 2018-жылы 68 мектеп  салынса, быйыл  38 билим берүү жайы курулган. 1-сентябрга карата 14 мектептин курулушу аяктаган болсо, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү. «Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объектилердин тизмесине ылайык, быйылкы жылы  билим берүү мекемелеринин курулушуна 2 млрд 133 млн сом бөлүү каралган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу