Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Кыргызстан коронавирусту дарылоодо вируска каршы авифавир дарысын алуу үчүн Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Экономика
10 - Июль 2020
Эркин Тоо
79

Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган дары Казакстанга алып келингени тууралуу айтылган. Авифавир дүйнөдө коронавирусту дарылай турчу эң эффективдүү дары болот деп ишендирип жатышат. 2014-жылдан бери аны Япония сасык тумоонун оор формасын дарылоо үчүн колдоно баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам россиялык окумуштуулар дарыны модификациялап, дарылоо протоколун өзгөртүшкөн. "Авифавир дарысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Биздин эксперттик топ дагы бул суроону карап жатат. Министрлик болсо Россия тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө", — деди Акматова.
 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу