Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

KOIGA 4 миллион доллар грант берет

Экономика
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
426
Бишкекте KOIGA жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартууга багытталган 4 миллион долларлык келишимге кол коюшту.
 Кореялык KOIGA уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Пак Сунджин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  кеңсе жетекчиси Сараванамутт кол коюшкан бул 3 жылдык келишимге ылайык, аталган гранттык каражат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргызстандын төрт облусунда 80 миңден ашык адамды жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга жумшалат.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, гранттык каражаттын эсебинин кесиптик кайра даярдоо жана киреше табуу ыкмаларына үйрөтүү жүргүзүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.