Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Өкмөт доллардан баш тартууну дагы күчөтөт

Экономика
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
622
Өлкөнүн Экономика министрлиги сомду туруктуу кармоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Ага ылайык,  министрлик мыйзам кабыл алынса да өлкө аймагында АКШ акчасы менен соода жүрүп жатканын жүйө келтирүүдө. Ушул жылдын башында долларга карата суроо-талап өлкө аймагында кескин өсүп, бир АКШ доллары 73 сом болуп, рекорддук чекке жеткен. Бул абалдан  чыгуунун жолун  кыргыз өкмөтү ар багытта карап көрдү. Башында улуттук банк бир канча ирээт интервенция жасады. Акыр аягында сомдун кунун түшүрбөө үчүн Жогорку Кеңеш  мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык,  Кыргызстандын ичиндеги бардык  соода-сатыктар сомго өткөн. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин алып-сатуулар толук бойдон сомго өтө элек.  Жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн Жогорку Кеңеш  кабыл алган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушун жиберилгенин экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.