Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Күйүүчү майдын баасы кымбаттаган

Экономика
13 - Август 2019
www.erkintoo.kg
12
Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашаган пункттарында А-92 бензин жана дизелдик күйүүчү майдын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү. Июлю айында А-92 бензинине карата баа 4 сомго, же 9,1 пайызга төмөндөдү. Ал эми дизелдик күйүүчү майга, тескерисинче, бир азга (30 тыйынга, же 0,7 пайызга) кымбаттаган. Дизелдик күйүүчү майга карата айтсак, эң жогорку орточо керектөө баалары Кара-Суу шаарында (бир литри - 46,30 сом), Баткен шаарында (бир литри -  46,30 сом) жана Ош шаарында (бир литри – 46,20 сом) катталган. Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир литри -  42,70 сом), Талас шаарында (бир литри – 42,06 сом литр) жана Токмок шаарында (бир литри – 42,09 сом) белгиленди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу