Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Келерки жылы бүтпөгөн объектилерге басым жасалат

Экономика
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Кыргызстанда 2016-жылы 80 мектеп куруу белгиленген. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун айтымында, алардын 20сы пайдаланууга берилди, 60ынын курулушу аяктоо алдында. Мындай маалыматты ал 5-октябрда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мектептерди куруу боюнча өткөргөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
Ал эми финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков курулуп жаткан 60 мектеп үчүн бюджетте 473 миллион сом каралгандыгын, бул каражаттын 398 миллион сому ушул айдын ичинде бөлүнөрүн билдирди.
Сооронбай Жээнбеков курулуш жумуштарын жогорку сапатта жана мурда аныкталган мөөнөттөрдө аяктоону талап кылды. Ал ошондой эле курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке кийинки жылга план түзүүдө бүтпөй турган объектилерге басым жасоону тапшырды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.