Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Көчмөндөр оюнунун уюштуруу иштерине 30 миллион 500 миң доллар сарпталган

Экономика
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
398
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кеткен чыгымдын акыркы суммасы аталды. Ага 30 миллион 500 миң доллар сарпталган. Бул тууралуу кече, 10-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында белгилүү болду. Жыйынтыктоочу отчет боюнча турнирди уюштурууга 30 миллион 500 миң доллар сарпталды.  Аын 27 миллиону, же 1 миллиард 843 миллион сому мамлекеттик казнадан бөлүндү. Калган акча демөөрчүлөрдөн алынган.Эң көп сумма Чолпон-Атанын ипподромун курууга багытталды. Эл аралык деңгээлдеги стадионду тургузууга 23 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Экинчи орунда ачылыш азем турат. 5Д технологиянын колдонулушу менен өткөн шоу-программага 1 миллион 840 миң доллар чыгымдалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.