Курс НБ на 05.12.2020 $84,8000 €103,1253

​“Кадамжай сурьмада” кимдин карааны жүрөт?

Экономика
30 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
65
Кадамжай сурьма комбинаты дегенде СССР убагындагы Кыргызстандын ооматтуу жылдары эске түшөт. Бул комбинаттын чыгарган продукциясы Союз аймагында эле эмес, дүйнө жүзүндө эталондук сапатка ээ болуп, бир нече өлкөлөргө байма-бай экспорттолуп турчу. Аталган ишкананын карт тарыхы бар. Ал 1934-жылы түзүлгөн. Ошондон бери иштеп, убагында миңдеген жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылып турган.
Биз комбинаттын кийинки жылдардагы тагдырына кызыгып карап көрсөк, төмөнкүдөй жагдайда экен. Кадамжай сурьма комбинаты мындан 15 жыл мурда казакстандык компанияга сатылып, казынага киреше алып келери айтылган. Азыр болсо 300гө жакын жумушчунун алды бир жыл, арты алты айдан бери маяналары берилбей турат. Соттун чечимине ылайык комбинатты башкаруу атайын администраторго өткөрүлгөн.
Кадамжай сурьма комбинаты 2005-жылы 300 млн сом карызы менен казакстандык компанияга сатылган учурда эгер ишкана жанданып кетпесе, карызынан кутулбаса, аны мамлекетке кайтарып өткөрүп алуу шарты коюлган. Бирок, 2013-жылга чейин комбинат 6 млн тоннадай руда иштетип, карызынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүнөн кутулган. Эмнегедир, 2016-жылдан баштап комбинатта бир да иш аткарылбай, толугу менен токтоп калган. Учурда комбинаттын мамлекеттик салык жана социалдык фондго болгон төлөмдөрү үчүн карызы жумушчулардын маянасын кошпогондо 100 млн сомдон ашкан.
Баткен облусунун райондор аралык сотунун чечимине ылайык, Кадамжай сурьма комбинатынын кредитору “Ош электр” ААКнын сунуштоосунун негизинде 2019-жылы 25-октябрда КРнын экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментинин башчысынын №221-буйругу менен Осмонов Шерали Балтыбаевич КСКга атайын администратор болуп дайындалган.
Мыйзамдуу дайындалган атайын администратор Осмонов Шералини мыйзамдын негизинде кызматтан бошотпой туруп, 2020-жылдын 17-июнунда анын үстүнөн “Манапбаев Муса Өмүркулович КСКга атайын администратор болуп дайындалсын”-деген КРнын экономика министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаментинин башчысынын жаңы буйругун алып барып, Осмонов Шералини сыртка чыгарып, Манапбаев Муса өз ишин баштаган. Учурда жумушчуларды нааразы кылып, талаш жараткан жагдай абдан көп.
Жогорудагыдай оор кырдаалда турган комбинат, андагы жумушчулардын абалы, ишкананын келечеги, ж.б. маселелер тууралуу 2019-жылы 25-октябрда Кадамжай сурьма комбинатына атайын администратор болуп дайындалган Осмонов Шерали Балтыбаевичти сөзгө тарттык. Анда сөз ирээти менен болсун.
 - Шерали Балтыбаевич, Кадамжай сурьма комбинатынын бүгүнкү абалы жөнүндө айтып берсеңиз.
            - Мен 2019-жылы 25-октябрда “Ошэлектр” мамлекеттик ишканасынын сунуштоосунун негизинде КРнын экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментинин башчысынын 221-буйругу менен Кадамжай сурьма комбинатына атайын администратор болуп дайындалгамын (ал боюнча документ колумда турат). Мени кызматка дайындоо боюнча буйрук дагы деле күчүндө, аны ушул күнгө чейин эч ким жокко чыгара элек. Мен жумуштан кеттим деп арыз жазган эмесмин.
Мени мыйзамдын негизинде кызматтан бошотпой туруп, менин үстүмөн “Манапбаев Муса Өмүркулович КСКга атайын администратор болуп дайындалсын”-деген КРнын экономика министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаментинин башчысынын жаңы буйругунун чыгышы түшүнүксүз болуп калды. Манапбаев Муса Өмүркуловичтин КСКга атайын администратор болуп дайындалышына өтө кызыкдар болгон адам КСКнын жетекчисинин мурдагы орунбасары Адыл (Абдилаким) Жээнбеков деген каракулжалык жаран. Ал өзүн экс-Президент Сооронбай Жээнбековдун, Асилбек Жээнбековдордун бир тууганы болом деп элге айтып жүргөнүн жумушчулар далилдеп берет.
- Бул жерде мыйзам бузуу менен атайын администратор дайындоодо жеке кызыкчылыктар болгонбу?
- Албетте, “Манапбаев Муса Өмүркуловичтин КСКга атайын администратор кылып дайындоодо өрттөнгөн Ак үйдөгү “асыл адамдардын” атайын тапшырмасы менен Кадамжай сурьма комбинатын банкрот абалдан чыгаруу эмес, а жеке кызыкчылыктар орун алгандыгы талашсыз. Бирок, Кудай жалгап элдик революциянын шарапаты менен таза адамдар бийликке келип, алардын арам ою ишке ашпай калды.
Ал эми мен атайын администратор болуп барсам, анда Кадамжай сурьма комбинатынын карыздарын толук жаап, банкрот абалдан алып чыгып, чет элдик ири инвесторлорду тартуу менен комбинатты кайрадан дүйнөлүк рынок шартында атаандаштык жарата ала турган алдыңкы ишканалардын катарына кошом. Мен өзүм Кадамжайлыкмын. Ал комбинатты сактап калуу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Миңдеген жарандарыбызга кайрадан жумуш орундар түзүлөт. Бүгүн, караламан эл ишенген Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдон үмүтүм чоң. Ал “мамлекеттин экономикасын көтөрөм, өнөр жайды өркүндөтөм, элдин жашоосун жакшыртам, инвесторлорго эшигим ачык”-деп жатпайбы. Демек, жумушчулар менен тилеги бир...
– Сиздин өмүр баяныңызды карасам, көптөгөн ишканаларда атайын администратор болуп иштепсиз. Мен өнөр жай тармагын көп жазган журналист катары “Күрмөнтүцемент” заводу да оор абалда калганын, бирок, кыйынчылык болсо да иштеп кеткенин билем. Ошол “Күрмөнтүцемент” заводуна да убагында сиз атайын администратор болуп барып,  карыздарын жаап, кыйын кырдаалдан чыгарган турбайсызбы, ушул жөнүндө айтып берсеңиз.
– Жакшы болот. Мен атайын администратор болуп барганда “Күрмөнтүцемент” заводу өтө оор абалда экен. Карыздары көп, банкрот абалга жакындап калган. Ыкчам кыймылдап, ишти таза жана ырааттуу жолго коюу менен бир жылдын ичинде карыздарды бүт төлөп, кирешеге чыкканга жол ачтым. Бүгүнкү күндө аталган завод сапаттуу цемент чыгаруу менен рынок шартында атаандаштыкка туруштук бере ала турган ири ишканалардын бири экенин далилдей алды. Учурда салыкка, социалдык фондго, эмгек акыларга болгон төлөмдөрүн өз убагында төлөп, өлкөдөгү эң алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Бизде атайын администратор десе - ликвидаторду, мекеме-ишканаларды жок кылуучу шылуун адис деп түшүнөт. Атайын администратор банкрот болгон мамлекеттик мекеме-ишканаларды толук сактап калып, анын ишин жандандырып, жаңы технологиялар менен ишке киргизүүгө толук укугу бар.
            – Шералы Балтыбаевич, азыр сиз Кадамжай сурьма комбинатына атайын администратор болуп кайрадан дайындалсаңыз ири инвестиция тарта аласызбы? Себеби, эски ишкана ансыз оор кырдаалдан чыга албайт го деп ойлойм.
– Туура айтып жатасыз. Жакынкы келечекте комбинаттын кыйын кырдаалдан чыгып, толук иштеп кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Азыр эң биринчиден, инвестиция алып келүү зарыл. Ал үчүн алгачкы кадам – мыйзам чегинде реструктуризация кылып, кредиторлор менен сүйлөшүп, макулдашуу жолу менен ишти алдыга жылдырып кетсе болот. Бул комбинатты 1-2 миллион доллар дегендей чакан инвестиция менен оңдоого мүмкүн эмес. Аны толук кандуу иштетип, жаңы технологияларды киргизүү үчүн бери дегенде 40-50 миллион доллардан жогору инвестиция тартуу керек. Албетте, КСКнын иштебей калышын каалаган ири мамлекеттер да бар. Бирок, комбинаттын иштешин каалаган мамлекеттер да абдан көп. Ири инвестициялар сөзсүз келет. Аны менен карыздар да төлөнөт. Ишкана толук кандуу иштеп кете алат деп ишенимдүү айта алам.
– Сырьё жагы кандай болот. Бул негизги маселе эмеспи. Анын үстүнө комбинаттын тарыхы токсон жылга жакындап калды. Сурьма кенинин кору деле аз калды деген пикирлер бар. Буга кандай карайсыз?
Азырынча кендин калдыктар сакталуучу бөлүгүндөгү аймактан кайра иштетүү жолу менен сурьманы ала берсек болот. Бирок, аны менен кырдаалдан толук чыгып кете алабыз десек жаңылышабыз. Ал үчүн коңшу Тажикстандан руданы алып келип иштетсек болот. Анткени, комбинат ишке киргенде руда өтө чоң көлөмдө кириши керек. Буга карата инвесторлор менен да, Тажикстан тарап менен да алдын ала сүйлөшүүлөр болгон. Андан сырткары, Кадамжайда сурьманын кору бар. Аны  да иштетебиз. Кыскасы, азыр Манапбаев Муса Өмүркуловичтин мыйзамсыз иш-аракеттерин прокуратура көзөмөлгө алып, каржы полициясы териштирип жатат. Бул маселени мыйзам чегинде териштирип,  укук коргоо органдары акыйкат жыйынтык чыгарса эле ишибиз шыр жүрөөрүн ишенимдүү айта алам.
Азизбек  ЧАМАШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу