Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Ишкерлер 3 миллиард сом насыя алган

Экономика
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
562
Жыл башынан бери ишкерлерге 3 миллиард сомдон ашуун насыя берилген. Бул тууралуу  Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан  айыл чарба багытын колдоо жана каржылоо максатында өлкөдө 10 013 ишкерге насыя берилген. Ал эми жалпы ишкерлерге берилген каражат 3 миллиард 634 миллион сомду түзөт. "Айыл чарбаны каржылоо долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя каражаттарын берүү менен айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, мал чарбачылыгын жандандырууну колго алуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо көрсөтүү негизги максат болуп саналат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.