Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Ипотекалык насыя берүүнүн шарттары өзгөрдү

Экономика
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
620
Эми насыя алуу үчүн жалпы сумманын 30 пайызын төлөөгө каражаты жок болсо, күрөөгө башка нерсе коюуга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле  батирдин аянтын 80 чарчы метрге чейин чоңойтуу каралган. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кабарлашкандай турак жай үчүн берилген ипотекалык насыялардын жаңы шарттары кирди. Ага ылайык мамлекеттик кызматта кеминде бир жыл иштеген жарандар жаңы кирген талап менен үй алууга мүмкүнчүлүгү бар. Эми насыя алуу үчүн жалпы сумманын 30 пайызын төлөөгө каражаты жоктор, күрөөгө мүлк коюп насыяны алса болот. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Зирек Асанова билдирди. Анын айтымында, жаңы талап жарандардын шартына ылайыкталган. Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя  менен  республика боюнча 306 киши насыя алды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.