Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Ипотекалык кредиттөөнүн жаңы ставкасы бекитилди

Экономика
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
416
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык кредиттөөнүн жаңы проценттик ставкаларын бекитти.
Ага ылайык, жалпы нарктын 10дон 20%га чейинки алгачкы суммасы кириштелсе үстөк акы 12%ды, 20дан 30%га чейин төлөнсө 11%, 30%дан ашыгы төлөнсө 10%ды түзөт.
Программага ылайык жеке турак үй курулушун ипотекалык кредиттөөдө 20%дан ашыгы кириштелсе, жылдык үстөк 14%ды, үй бүткөндөн кийин 10%ды түзөт. Өкмөт башчынын бул буйругу 2017-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.