Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Инвестициялык кызматташтыкты маселелери талкууланды

Экономика
22 - Август 2019
www.erkintoo.kg
164
21-августунда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК башкармалыгынын төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.  Министр саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.