Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

“Газпром нефт Азия” 10 жашта

Экономика
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
580
“Газпром нефть Азия» компаниясы — 100% орусиялык «Газпром нефть»компаниясынын туунду ишканасы болуп саналат жана ал 2006-жылдан бери Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүдө.
 Учурда компаниянын 7 мунай базасы, 100 май куюу станциялары, 1 суюлтулган газ толтуруучу базасы жана 5 лабораториясы бар. Омскидеги мунай иштетүүчү заводдун продукциялары менен Кыргызстанды камсыздап жаткан компания Казакстан менен Тажикстандын да рынокторуна күйүүчү жана майлоочу майларды жеткирет.
20-сентябрда “Газпром нефт Азия” ишканасы өзүнүн 10 жылдык юбилейин белгиледи жана ага арналган маарекелик иш-чарага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.
Өкмөт башчынын айтымында, бул компания 10 жыл ичинде Кыргызстандын бюджетине 33 млрд сом салык төлөгөн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.