Курс НБ на 26.01.2020 $69,8443 €77,1640

Фонддун каржылоосу менен ири ишканалар ачылды

Экономика
09 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
199
Кыргызстанда 2018  - жылы  Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун колдоосу менен жаңы ишканалар ачылып жаңы жумуш орундары түзүлдү. Фонддон кабарлашкандай ийрилген жиптерди жана трикотаждарды чыгаруучу фабрика Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан. Долбоор Россия Федерациясы менен  соода - экономикалык мамилелерди өөрчүтүүгө басым койгон. Ал эми  Россия - Кыргыз өнүгүү фонду 1,1  млн доллар  насыя берген. Мунун арты менен  20 жаңы жумуш орду түзүлүп,  ага кошумча иштеп жаткан 480 жумуш орду колдоого алынган. Ошондой эле  Ош облусунун Араван районундагы цемент клинкерин өндүрүүнүн жаңы линиясын куруу ишканасына  фонд  4  млн доллар берген. Ишкана суткасына 2500 тонна клинкерди чыгарат. Бул ишканада жумушчу орундун жалпы саны 450 адамды түзөт. 
Ал эми  Чүй облусунун Токмок айыл өкмөтүндө орун алган  ун жана камырдан жасалган продукцияны өндүргөн ишканага  фонд 5,7 млн доллар насыялаган. Буудайды кайра иштетүүчү линиянын өндүрүмдүүлүгү күнүнө 500 тоннаны түзөт. Бул багыттагы иштер алдыда улантылаарын  фонд кызматкерлери баса белгилешет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.