Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Энергетикалык абал жакшырышы керек

Экономика
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
87
Улуттук энергохолдинг компаниясынын жылдык бюджети 74 млн сом көлөмүндө бекитилген. Бул тууралуу  парламентте  депутат  Жыргалбек Турускулов энергетика тармактарынын азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү жолдору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди. «Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок. «Электр станциялары» ишканасынын кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд 600 млн сомго азайды. Токтогул суу сактагычында былтыр 19 млрд куб/метр суу болсо, 15 млрд куб/метр гана суу топтолду. Демек, жагдай жакшы эмес», - деди Жыргалбек Турускулов. Бул багытта Өкмөткө азыркы абалды эске алуу менен  өлкөнүн энергетикалык саясатын иштеп чыгуу, ортомчул жеке менчик компаниялар үчүн бирдиктүү тариф белгилөө, ал эми калктын керектөө лимитин 700 кВт/сааттан 1000 кВт/саатка чейин көтөрүү тапшырмасы берилди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу