Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Электр жарыгына тарифтик баа өзгөрбөйт

Экономика
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
448
Бул жылы электр  жарыгына болгон баа өзгөрбөйт. Бул тууралуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинен кабарлашты. Учурда бул мекеменин адистери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Анткени коомчулукта электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт деген маалыматтар айтылып келген. Бүгүнкү күнү 2014-2017-жылдарга кабыл алынган тарифтик саясат боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Быйыл август айында аны өзгөртүп, наркты жогорулатуу боюнча сунуш киргизилген. Бирок азыркы экономикалык абалды эске алып, тарифтик баа өзгөрүүсүз калган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.