Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт

Экономика
28 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
29
 Ассоциация  бул каражатты Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификация үчүн парламентке жөнөтүлдү. Бөлүнгөн акчага Түп – “Каркыра” көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду ремонттоого жумшалат. Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөө, инспекторлорду даярдоого, Жарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга керектелет. Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда. Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет,-делет ЖК тараткан маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу