Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салууну сунуштап жатат

Экономика
05 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
187
Өкмөттүн бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлганы маалым болду. Маалыматка караганда ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда ун менен буудайга болгон баа эки-үч сомго жогорулап кеткен. Мунун айынан дүкөндөрдө нан жана макарон азыктарынын баасы дагы көтөрүлдү. Буга Казакстанда буудай түшүмүнүн начар болушу себеп экени айтылууда. Ушул сыяктуу жагдайларды эске алуу менен Экономика министрлиги буудай менен унду убактылуу экспорттобой турууну сунуштап жатат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.