Курс НБ на 06.07.2020 $77,1102 €86,6140

Эки өлкө жеңил өнөр жай тармагында кызматташат

Экономика
14 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
213
11-июнунда Кыргызстандын  Украинадагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай тармагында кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жөнүндө видео - конференция уюштурулду. Конференцияга эки мамлекеттин  жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциясынын президенти, Өнөр жай, энергетика жана кең иштетүү мамлекеттик комитетинин, тигүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышышты. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн жеңил өнөр жай ассоциацияларынын ортосунда Меморандумга кол коюу жана  бизнес-делегациялардын эки тараптуу иш сапарлары макулдашылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.