Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

ЕАЭБ өлкөлөрүндө интернетке тарифтер бирдей болушу керек

Экономика
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
477
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан Евразиялык экономикалык комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Нурлан Алдабергенов казакстандык провайдерлердин интернет кызматы үчүн тарифтерди көтөрүүсүнө байланыштуу кыргыз тараптын кайрылуусун ЕЭК карап жаткандыгын билдирди. Эгерде монополияга каршы мыйзамдар бузулганы жана баалар негизсиз көтөрүлгөндүгү аныкталса, маселе айып тарттыруу жолу менен чечилет деди.
Жолугушууга катышкан өлкөбүздүн Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казакбаевдин айтымында, азыр дүйнөдө интернет кызматтарга баалар төмөндөп жатат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.