Курс НБ на 24.10.2019 $69,8230 €77,6292

Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тутумуна 400 миң доллар бөлөт

Экономика
03 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
431
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашууга макулдук берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары, жылуулук тутумунун өзүн жакшыртууга 25 млн доллар жумшалмакчы.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.