Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Дүйнөдөгү эң кымбат бренддер аталды

Экономика
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
466
Apple бренди быйыл төртүнчү жыл катары менен эң кымбат дүйнөлүк бренддердин рейтингинде сап башын ээледи. Interbrand консалтинг компаниясынын эксперттери Appleнин наркы жыл ичинде 179,1 млрд долларга чейин өстү деп эсептешүүдө.
Экинчи орун Google компаниясына берилди. Бул компания $133,3 млрдга бааланды. Тизменин үчүнчү сабын Coca-Cola бренди ээледи. $73,1 млрдга бааланган бул бренд 13 жыл биринчиликти эч кимге бербей келген. Эми баарын санай бербей кыскартып айтсак, атактуу бренддердин алдыңкы сабында Microsoft ( $72,795 млрд), Toyota автоконцерни ($53,58 млрд), IBM ($52,5 млрд), Samsung ($51,808 млрд), Amazon ($50,338 млрд), Mercedes-Benz ($43,49 млрд) жана General Electric ($43,13 млрд) өзүлөрүнүн татыктуу орундарын табышты. Эң эле ыкчам өнүгүп жаткан Facebook бренди ($32,6 млрд) рейтингде алдыңкыларга куйрук улай 15-орунга жетти.
Кошумчаласак, бул рейтингди түзүүдө компаниялардын үчтөн кем эмес континетте бизнес жүргүзүүсү жана кирешесинин үчтөн бирин өз өлкөсүнөн тышкары табуусу эске алынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.