Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​Үчүнчү өлкөлөрдөн келчү автоунаалардын бажы төлөмү көтөрүлдү

Экономика
06 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
118
2020-жылдын 1-январынан тарта үчүнчү жактан алынып келинген унаалар үчүн бажы алымдары кымбаттады. Себеби, ЕАЭБдин 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинде бирдиктүү тариф киргизилген. Бул бирдиктүү тариф келишимдерге ылайык Кыргызстанда 2020-жылдан тарта колдонула баштады. Андыктан, Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылы Кыргызстанга 28 миң 326 автоунаа ташылып келгендигин маалымдады. Айрыкча, 2019-жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларында, үчүнчү өлкөлөрдөн келчү көп ташылган. Военно-Антоновка айылында жана Аламедин станциясындагы автотранспортту бажылык тариздөө жайлары жаңы жыл алдында 24 сааттан иштеп, банктар бажы төлөмдөрүн саат 21:00гө чейин алышкан. Андан тышкары автоунаасын Кыргызстанга киргизүүгө жетишпей калгандардын ичинен 129 адам автоунаасы өлкөгө кире электе эле декларация толтурушкан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.