Курс НБ на 05.12.2019 $69,8500 €77,4602

Чүйдө ири заманбап тигүү фабрикасы ачылды

Экономика
19 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
162
Фабрика АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы менен  курулган.  Иш-чарага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу катышты. Жаңы ачылган фабрика автоматташтырылган. USAID агенттиги түрдүү функцияларды аткаруучу 155 заманбап тигүүчү машина сатып берген. Бул жабдыктар экспорт үчүн чоң көлөмдөгү заказдарды бат жана сапаттуу жасоого мүмкүнчүлүк берет. Фабрикада 350 адам жумуш орду менен камсыз болгону маалым болду. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.