Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Чет жактан алынып жаткан каражаттын эсебинен коронавирустун жайылышына бөгөт коюу иш-чараларына 2,2 миллион доллар бөлүнгөн

Экономика
10 - Июль 2020
Эркин Тоо
74

 Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.Белгилей кетсек, Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627,3 миллион доллар сураган. Бүгүнкү күндө Финансы министрлигинин эсебине 321,4 миллион доллар келип түштү. Анын 2,2 миллион доллары (болжол менен 165 миллион сомдун тегереги) медициналык жабдуу жана каражат алууга берилген. Бул акчаны Дүйнөлүк банк берген. 

Ал суммага төмөнкүлөр алынды:

  • Тез жардам унаасы — 13 даана;
  • Жеке коргонуу каражаттары — 109,3 даана;
  • Дезинфекциялоо каражаттары — 8,3 миң даана;
  • Лабораториялык реактивдер — 36,3 миң даана;
  • Дары-дармек — 385,6 миң даана;
  • Медицина багытындагы буюмдар — 45,4 миң даана;
  • Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат — 10 даана;
  • Жасалма дем алдыруучу BiPAP аппараты — 50 даана;
  • Чарба товарлары — 15,9 миң даана; 
“Товарларды сатып алуу үчүн тендерлер Дүйнөлүк банктын талаптары менен өтүп, ага өздөрү көзөмөл кылышты. Мындан сырткары, бизге бир нече өлкөдөн товар түрүндө гуманитардык жардам келген. Алар: тесттер, жабдуулар, медициналык боюмдар. Бул боюнча да кийинчерээк толук маалымат берилет”, — деди Асрандиев.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу