Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Бюджетте каралган чыгымдоолор кыскартылат

Экономика
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
617
Өлкөбүздүн финансы министрлиги 2016-жылдын бюджети жана 2017-2018-жылдардын божомолдору камтылган мыйзам долбоорун даярдап Өкмөттүн кароосуна тапшырды.
  Ага ылайык бюджеттин чыгымдоо бөлүгү 14,9 млрд сомго кыскартылат. Бул жылдык жалпы чыгымдоолордун 5%ын түзөт. Ушундай болгон күндө да бюджеттин тартыштыгы 22,1 млрд сом бойдон калат. Кыскартуулар корголбогон беренелердин эсебинен жүргүзүлөт. Маселен, транспорттук, ремонттук жана башка майда чыгымдар кыскартылат. Бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдын долбоору 1-октябрга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.